2 бөлмөлүү батирин таштандыга толтуруп алган пенсионер (видео)

693

«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери 2 күндөн бери Бишкектеги бир пенсионердин үйүнөн таштандыларды чыгарып бүтө албай жатышат. 80 жаштагы кемпир 2 бөлмөлүү батирин таштандыга толтуруп алган. Ал турак-жайы жакшы жылыбай жатканын айтып, Бишкек жылуулук тармактары ишканасына кайрылган. Ал жактан келген адистер, карыянын үйүнүн ичинде бут коерго жер таппай калышкан.

Бөлмөлөр шыпка чейин таштандыга толуп калгандыктан, түтүктөрдү ширетип, оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүн болгон эмес. Мындан улам, Тазалык ишканасынын кызматкерлери чакыртылып, 2 бөлмөлүү квартирадан 10 тоннага жакын таштанды чыгарылган.