2 күн аралыгында Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыктарынан 5 адам каза болду

732

2 күн аралыгында Бишкек-Ош унаа жолунда бир нече жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 адам набыт болуп, 9 адам ар кандай жаракаттарды алышты.

Бүгүнкүгө караган түнү Ош областынын Ана-Кызыл айылына жакын жерде көчө боюнда токтоп турган «Вольво» оор жүк ташуучу унаасына «Мереседес-Бенц Спринтер» автомашинасы барып урунган. Микроавтобустун айдоочусу ошол жерде набыт болуп, 2 киши райондук ооруканага жеткирилген.

Бир күн мурда эле, дал ушул аймакта эки жеңил унаа кагышып, анда жаракат алган 3 кишинин бирөөнүн жарааты өтө оор болгондуктан, көп өтпөй каза тапкан. Дагы бир жол кырсыгында ВАЗ автомашинасы менен «Хонда Фит» унаасы бетме-бет кагылышып, анда 3 киши набыт болуп, 5 адам жаракат алган.