2 күндүн ичинде 5 адам сууга чөктү (видео)

896

Акыркы эки күн аралыгында эле Кыргызстанда беш адам сууга чөгүп каза тапты. Учурда сууга түшкөн бир жаранды куткаруучулар издеп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, быйыл жыл башынан тарта ар кандай себептер менен 34 адам сууга чөгүп каза болду. Адистердин айтымында, чөккөндөрдүн көпчүлүгү сууга түшүүнүн эрежелерин билишпейт. Ал эми кээ бири мас абалында суу жээгине эс алууга баргандар. Суудан ажал тапкандардын көпчүлүгү Чүй областындагылар. Андан кийин эле эң көп кырсык Ош областында катталууда.