2 кызын жалгыз баккан ата жардамга муктаж (видео)

867

Жалгыз бой ата жардамга муктаж. Данияр Сыдыков бир жыл мурда жубайы каза болуп калгандан кийин 2 кызы менен жалгыз калган. Улуусу тогуз жашта. Төрөлгөндөн тарта шал оорусу менен жабыркап, баспайт. Кичүүсү бирге толуп, эми гана кадам таштай баштаган. Жалгыз бой ата учурда Чүй областынын Военно — Антоновка айылында батирде турат.

Мамлекеттен майыптык боюнча 4 миң сом жөлөк пул жана мүмкүнчүлүгү чектелген кызын бакканы үчүн 5 миңге жетпеген маяна алат. Бирок бул акчанын жарымы эле батирдин төлөмүнө кетип, кыздардын күнүмдүк тамак ашына каражат тартыш. Улуу кызы маал-маалы менен медициналык кароодон өтүп турушу керек, бирок акчанын тартыштыгы кендирди кесүүдө.