2 мекемеге качан жаңы министрлер дайындалат? (видео)

620

Жетекчисиз калган 2 мекемеге качан жаңы министрлер дайындалат? Өкмөт азырга чейин талапкерлерди сунуштай элек. Учурда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигин статс-катчылар башкарууда. Өткөн аптада парламенттеги Кыргызстан фракциясы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине 3 талапкерди сунуштап, алар өкмөттө каралып жатат.

Ал эми жетекчисиз калган дагы бир мекеме — Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башчылыгына кандидаттар азырынча расмий түрдө сунуштала элек. КСДП фракциясынын өкүлдөрү бул маселе жакынкы күндөрү караларын айтышты. Бош калган министрлик кызматтарды ким ээлегиси келип жатат?