2 миллион долларлык мектеп (видео)

1626

Кытайдын ТВЕА компаниясынын гранттык каражатына салынган мектептин курулушу боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө уланууда. Бул боюнча материалдар УКМКнын кароосунда. Былтыр күзүндө атайын кызмат курулушка бөлүнгөн акчанын 91 миллион сому максатсыз пайдаланылган деп кылмыш ишин козгогон. Негизи эле Калыс-Ордо конушундагы билим берүү имаратынын курулушу боюнча маселе көп. Бишкек жылуулук электр борборундагы кырдаалды иликтеген депутаттык комиссия мектепти салуу эмнеге кымбат түшүп калган, деген суроого жооп издеп келет. Эл өкүлдөрү жеринде барып териштирүү жүргүзүүгө аракет кылышты.