2 миң доллар параны ким алып жатат? (видео)

871

Кайсы көзөмөл өткөрмө пункттарында турган бажы кызматкерлери ири өлчөмдө пара алып жатышат? Депутат Жанар Акаев бажы тармагында кадрдык башаламандык болуп, коррупциялык көрүнүштөр тыйылбай жатканын айтып чыкты. Эл өкүлүнүн айтымында, ага нааразы болгон айдоочулар кайрылып жатышыптыр. Ошондой эле, депутаттар Бишкектин түштүк аймагындагы жер тилкелеринин жеке менчикке өтүп кетүүсүн Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитети иликтеп чыксын деген талап коюшту. Себеби убагында социалдык обьекттер салынат деген тилкелерге учурда соода борбору жана көп кабаттуу турак-жайлар курулууда, дешет эл өкүлдөрү.