2 миңден ашуун адам жөө калабы? (видео)

1051

Коомдук унаанын азабын тарткан жашоочулар! Чүй областынын Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылын жана Кой-Таш аскердик бөлүгүнүн жашоочуларын шаар менен байлаштырып турган 200чү маршруттук каттам жоюлганы турат. Бул жергиликтүү тургундар арасында чоң нааразычылык жаратууда. Айтымдарында бул каттам иштегенден тарта эки миңден ашуун калкка бир топ жеңил болуп калган. Эми башка маршруттун атаандашуусунан улам, 200чү маршрутттагы чакан автобустар кыскартылганы жатыптыр.