2 миңден ашуун калк жашаган айыл таза сууга муктаж (видео)

804

Нарын областынын Кочкор районуна караштуу Жаңы-Жол айылынын тургундары бир топ жылдан бери таза суу азабын тартып келишет. Элеттиктер сууну айылдын четиндеги сайдан ташып ичишет. Тургундардын айтымында, алар суу алган сайдын башында өлгөн малдын сөөгүнө чейин табууга болот. Өзгөчө кыш мезгилинде муз тоңуп, суу алганы келген кары-картаң, жаш балдар үчүн кооптуу болуп калат.

Бул көйгөй менен тургундар жергиликтүү бийликке бир топ жолу кайрылышкан, бирок майнап жок экенин айтышат. Бул ирет да элет эли жыйын өткөрүп, айыл өкмөт башчыларын чакырышты. Бирок бийлик өкүлдөрүн чогулуштан көрүүгө мүмкүн болгон жок.