2 миңге жакын кылмыш-жазык иштери кайда жоголуп кеткен? (видео)

1254

Башкы прокуратурада жүргүзүлгөн инвентаризациянын натыйжасында, 1800 кылмыш-жазык иши боюнча материалдардын жоголгону аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл мекемесинин жетекчиси Өткүрбек Жамшитов билдирди. Ал ошондой эле, өткөн жылы 9,5 миллиард сомго барабар мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын орду толтурулганын дагы кабарлады. Бүгүн Жогорку Кеңештин «Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана регламент боюнча» омитети Башкы прокурордун өткөн жылдагы аткарган иштери жөнүндө маалыматты укту.