2 партияга утулуп калган БШКнын дарегине сын-пикирлер күчөдү (видео)

1548

Борбордук шайлоо комиссиясы бул жолу партия менен соттошууну улантпайт. Үгүт кампаниясы башталып калгандыктан, БШК ишти андан ары создуктурбай, Бишкектин административдик сотунун чечимин аткарып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын жарышка кошту. Ушуну менен Боршайком саясий уюмдарды каттоого алуу боюнча эки партияга утулуп калды.

Ал арада айрымдар Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери сотто жокко чыгарылганы БШКнын аброюна көлөкө түшүрүп койду дешет. Кээ бир эксперттер болсо, Боршайком мыйзам чегинде иш алып барганын, саясатчылар тартипке баш ийгенди үйрөнүшү керектигин айтышууда.