2 судьяга кылмыш иши козголуп, 5 судья иштен алынды (видео)

964

2 судья кызматтан алынып, 80ден ашуун судьяга дисциплинардык чара көрүлдү. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн  башчысы Санжар Исабаев сот реформасы боюнча аткарылган иштердин бир жылдык жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Сот тармагын реформалоо өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында эң маанилүү багыттардын бири катары көрсөтүлгөн. Бул жаатта бир катар кодекстер жана мыйзамдар кабыл алынды. Ал нормалардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө үчүн атайын эксперттик топ да түзүлгөн.