2-топтогу майыптын үйүн тартып алган соттор (видео)

801

Соттордун кесиптик майрамында — өзгөчө «белек»! Жарандык активисттер менен коомдук уюумдар Жогорку Соттун имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар коррупциялашкан судьялардын кетүүсүн талап кылып жатышат. Президенттин жемкорлукка каршы баштаган саясатын колдоо максатында акцияга чыккандардын арасында соттордун адилетсиз чечимдерине нааразы болгон жарандар арбын. Иш-чаранын катышуучулары эски аянтта сөз сүйлөгөн соң, Ак үйгө чейин жөө жүрүш жасашты.