2 жумадан бери комада жаткан Викторияга жардам керек (видео)

1170

Он күндөн бери өзүнө келе албай, реанимацияда жаткан Виктория Погорелованын жакындары коомчулуктан жардам сурайт. 20 жаштагы кыздын өмүрүн сактап калуу үчүн нейрохирургтар иштеп жатышат. Дарыгерлердин айтымында, кыздын баш мээси жабыркаган. Жалгыз баласынан айрылып калуудан корккон ата-энеси — жеке клиникага кайрылууга аргасыз болушту. Ал жактан Викториянын сакайып кетишине бир аз да болсо мүмкүнчүлүк бар экенин айтышкан. Бирок дарыланууга акча керек. Үй-бүлөнүн кирешеси күнүмдүк жашоодон артпайт.