2 жыл айлыксыз жашаган жол куруучулар (видео)

1488

Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунда иштеген жумушчулар эмгек акыны төлөп берүү талабы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдына чогулушту. Алардын мекемеге келишине министрдин орун басары Нурлан Кайынбаевдин «15-сентябрга чейин маяналар төлөнөт» деген убадасы аткарылбаганы түрткү болгон.

Кызматкерлердин айтымында, жолду куруп жаткан Кытайдын «Лонг Хай» компаниясы жыл башынан бери 120 жумушчунун ар бирине 20 миң сомдон гана берген. Ал эми министрликтин ишканага болгон карызы 72 миллион сомду чамалайт.