2 жылдан бери жабык турган театр көрүүчүлөр үчүн эшигин ачат (видео)

4485

Манастын уулу Семетейдин туулган жерине кайтып келиши жана Каныкейдин Тайторуну чабышы. Дал ушундай окуяларды камтыган спектакль менен Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры ачылуу алдында турат.

Белгилей кетсек, бул маданий жай 2 жылдан ашуун убактан бери оңдоп түзөө иштерине байланыштуу жабылып, көрөрмандарды кабыл албай калган. Эми аталган маданий жай кайрадан 95-театралдык сезондун ачылышына кызуу даярдыктарды көрүүдө.