20 килограмм гашиш менен милициянын подполковниги колго түшүрүлдү

784

Ички иштер министрлиги өзүнүн катарын наркокоррупцияга тиешеси бар кызматкерлерден тазалоо боюнча операция жүргүзүп, анын натыйжасында Ош-Баткен жолунда Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкери кетип бараткан унаа токтотулган.

Унаанын салонун тинтүү учурунда, атайын баштыктарга салынган 20 килограммга жакын кара куурай табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалыматтарга караганда, шектүү бир канча жылдан бери укук коргоо тармагында иштеп келген.