20 жыл бою таза сууга зар болгон аравандыктар (видео)

730

Ош областынын Араван районунун Гулбаар айылында таза суу маселеси бир топ жылдан бери чечилбей келет. Жергиликтүү тургундар Араван-Акбуура каналынан чыккан сууну өздөрү ичип, аны менен айдоо жерлерин да, мал жандыктарын да сугарышат.

Бирок бир топ убакыттан бери каналга суу келбей, учурда айылдыктар саздуу көлмөдөн суу ичүүгө аргасыз экен.