200 миңден ашуун эркек урологиялык илдеттерге кабылат (видео)

1062

Жылына Кыргызстанда 200 миңден ашуун эркек ар кандай урологиялык илдеттерге кабылат. Бул маалымат Республикалык урология илимий борборуна таандык. Эркектердин саламаттыгы боюнча маселени жергиликтүү жана чет элдик дарыгерлер талкуулашып, өткөн дем алыш күндөрү Бишкекте илимий конференция өткөрүлдү. Простатит сыяктуу илдет Кыргызстандагы эркектерде көп кездешет. Өзгөчө простата безинин шишик оорусу кабылгандар жылдан жылга көбөйүүдө. Адистердин айтымында, эркектерде мындай илдеттердин өрчүп кетишинин негизги себеби — өз убагында дарыгерлерге кайрылбай жатышканы. Антпесе заманбап ыкмалардын жардамы менен абалы оор бейтаптар дагы толук сакайып кеткен учурлар бар.