200 миңге жакын салык төлөөчү декларация тапшырды

1137

18-мартка карата 196 946 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Анын ичинен 43 860 юридикалык жак, 88 743 жеке ишкер, 27 382 жеке жак, 7 441 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 30 294 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер, жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык иши тууралуу жана башка маалыматтар боюнча салык органдарына отчет бериши керек.

Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөстөн иш алып барган дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.