2000 сом — 2018-жылдын эң мыкты банкнотасы (видео)

2660

2000 сом Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинде «2018-жылдын регионалдык эң мыкты банкнотасы» деп табылды. Абройлуу эл аралык сынакта акчанын өзгөчөлөнгөн дизайнына көркөм жасалгалоо менен коргоо элементтеринин айкалышта колдонулушуна маданий мурастын, өлкөнүн өзгөчө белгилеринин чагылдырылышына көңүл бурулат. Варшава шаарында өткөн конкурска талапкер катары Россиянын 200 жана 2000 рубль, Армениянын 500 драм, Польшанын 500 злотых, Грузиянын 5 лари номиналындагы банкноталары көрсөтүлгөн. Алардын арасынан былтыр эстелик катары жүгүртүүгө чыгарылган Кыргызстандын акчасы мыкты деп табылды.