200дөй үй-бүлө кычыраган кышта чатырда күн кечиреби? (видео)

1195

Жалал-Абад областында быйыл жазында жаратылыш кырсыгынан жабыркаган 200дөй үй-бүлө суук түшкөнгө чейин турак жай салып бүтө албай калышты. Анткени каражат тартыш болууда, дешет тургундар. Аларга мамлекет тарабынан жер гана бөлүнүп берилип, ссуда каралган эмес. Участоктор дагы эмдигиче мыйзамдаштырыла элек. Андыктан жашоочулар кредит ала алышпайт. Ал эми жеңилдетилген насыя алууга Базар-Коргон районундагы жабырлануучулар киргизилген эмес.