2014-2015 жылдар аралыгында төрөттөн 148 эне каза тапты

787

2014-2015 жылдар аралыгында өлкөдө төрөттөн каза тапкан энелердин саны 148ге жеткен. Мындай маалымат Бириккен Улуттар Уюму менен Кыргызстандын үй-бүлөнү пландоо альянсы биргеликте жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында келтирилген.

Аталган уюмдар эки жылдык статистиканы акушер-гинекологдор, анестезиологдордун жардамы менен анализдеп, ар бир өлүмдүн себебин аныктоого аракет жасашкан. Анда кош бойлуу аялдардын көпчүлүгү толгоо маалында көп кан кетүү, кош бойлуу кезинде тиешелүү медициналык кароодон өтпөгөнү жана өтүшүп кеткен илдеттери негиз болгон.

Бир канчасы төрөтканага жетпей каза тапса, 2 окуяда кош бойлуу аял өзүнө-өзү кол салган. Ал эми былтыр өлкөдө 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган.