2017-жылдын эң кооз троллейбусу (видео)

843

Бишкекте жүргүнчүлөрдү өзгөчө кооздолгон коомдук унаалар тейлей баштады. Жаңы жылга карата баш калаанын муниципалдык транспорту түрлүү герлянда, диоддук лампалар менен жасалгаланды. Алардын арасынан азырынча 10-каттамдагы бир троллейбус айырмаланууда. Анын айдоочулары унаага жаңы жылдык көрк бериш үчүн 20 миң сомдон ашуун каражат сарпташкан. Учурда калаа көчөлөрүндө 100дөн ашуун коомдук унаа жасалгаланып, тургундарга майрамдык маанай тартуулашууда.