2017-жылы 7 жаран адам сатуунун курмандыгы болгон (видео)

1635

Бүгүнтөн тарта өлкөдө «Адам сатууга каршы 100 күн» аталышындагы маалыматтык кампания башталды. Анда жаш активисттер адамдарды сатуу жана жөнгө салынбаган миграция боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Иш-чара 100 күнгө чейин созулуп, ар кандай спорттук жана интеллектуалдык оюн-зоок, тегерек столдор менен коштолот.

Адистердин айтымында, Кыргызстандын жарандары көбүнесе Россия, Казакстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттарына иштеп барып, адам сатуунун курмандыктарына айланышат. Мындан улам алар адам сатуу көйгөйү жылдан жылга күч алып жатканына тынчсызданып, коңгуроо кагышууда.