2017-жылы “коррупция” беренеси боюнча 1037 кылмыш иши козголгон

915

Былтыр мамлекет жемкорлуктан 670 миллион сом зыян тартып, «коррупция” беренеси боюнча 1037 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков парламенттеги оппозициялык азчылыктагы «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Республика — Ата Журт» фракцияларына отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, учурда 18,5 миллион сом гана өлкө бюджетине кайтарылган. Ал эми козголгон кылмыш иштеринин 88и сотко өткөрүлүп берилген.

Ошол эле убакта, коррупция боюнча козголгон кылмыш иштеринин 112си кыскартылып кеткени да айтылды. Учурда «Электрондук куб” деп аталган программаны ишке киргизүү аракети көрүлүп жатыптыр. Анын негизинде канча кылмыш иши ачылып, канчасы тергелип, ал эми канчасы жабылганын жарандар текшере алышат экен.