2018-жыл эмнеси менен кыргызстандыктардын эсинде калды? (видео)

964

Жыл аягы өткөн 12 айдын жыйынтыгын чыгаруу мезгили. Мамлекеттик мекемелер өткөн бир жылдагы ийгиликтерин ашырып айтып, кемчиликтерин кемитип көрсөтүүгө аракеттенишет. Министрликтер, комитеттер, агенттиктер менен кызматтардын отчеттеру жаңы жылдын алгачкы 2-3 айында жарыяланат. Айрым гезит-журналдар менен интернет басылмалар болсо, өткөн 1-2 жумада эле жылдын мыкталарын атап, ар кыл тармактардын алдыңкыларын өз алдынча аныктап, аларга диплом тапшырып салышты. Жеке инсан болобу же бир уюмбу — ар бири үчүн өткөн жыл өзүнчө эсте калат.

Ошентсе дагы, НТСтин журналисттери жалпы мамлекеттин тагдырына таасир эткен, өлкөнү өзгөртөсө дагы, көпчүлүктү ойлонткон, кубанткан же кайгырткан окуяларды эске салалы деп чечтик. Каалайбызбы же жокпу, жалпы коомдун, мамлекеттин турмушу тууралуу сөз кылганда, саясаттан качып кутула албайбыз.

2018-жыл Кыргызстан үчүн президенттик шайлоодон кийинки алгачкы жыл болду. Сооронбай Жээнбеков бул жылда аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын жарыялаган. Аны менен катар, коррупцияга каршы күрөш башталганын дагы жар салды. Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы отуруму — быйылкы жылдагы негизги окуялардын көпчүлүгүнүн себепкери болду десек жаңылышпайбыз.

2018 жылы жогорку кызматтагылар Кыргызстандын тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй көп камалды. Эки мурдагы өкмөт башчы, Бишкектин эки мурдагы мэри, министрлер менен депутаттар. Мурдагы президенттин кол тийбес кеңешчилери, бажыда иштеп байыгандардын прокурорлор менен соттордун колдоруна кишен салынды.

Өлкөбүздүн материалдык байлыктарын уурдагандар кармалгандан тышкары, быйыл Кыргызстандын руханий байлыгын арттырган Айматовдун 90 жылдыгы кеңири белгиленди. Көчмөндөрдүн маданий асыл нарктарын даңазалаган Дүйнөлүк оюндар көл жээгинде үчүнчү ирет өттү.