2018-жыл — Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды

1787

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Анда бул багытта бир топ иш жасалганын, бирок социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн чаралары азыркы убакта системалуу боло электиги белгиленген. Ошондой эле, өнүктүрүү программаларынын көпчүлүгү сектордук мүнөздө болуп, көп учурда жергиликтүү өзгөчөлүктөр эске алынбай калып жатканы айтылган.

Мындан тышкары, тиешелүү жарлыкта калктуу конуштардын жана башка аймактык бирдиктердин инфраструктурасын пландаштыруунун жана өнүктүрүүнүн заманбап стандарттары бекитилбей, мамлекеттик бийликтин борбордук органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы эриш-аркак байланыш системасы түзүлө электиги белгиленген.

Эми 15-февралга чейин Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жана иш-чаралардын тиешелүү планы бекитилиши шарт. Анда аймактарда ишкерчилик, айыл-чарба, инфраструктураны жакшыртуу, билим берүүнүн сапатын арттыруу жана дегеле бардык тармактарда өнүгүүнү жогорулатуу тапшырмалары коюлат.

comments powered by HyperComments