2018-жылы бюджетке 6 млрд 230 млн сомдон ашык зыян келтирилген

842

Былтыр экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга байланыштуу 1100дөн ашык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.

Ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн алкагында 6 миллиард 230 миллион сомдон ашык зыян келтирилип, 1568 укук бузуу катталганы аныкталган.

Кийинчирээк, бул сумманын 4 жарым миллиард сомго жакыны өлкө бюджетине кайтарылган. Калгандары боюнча, кылмыш иштерин тергөө азыр да уланууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.