2018-жылы НТС эмнелерди көрсөтөт… (видео)

1191

Маданият, спорт жана башка тармактарда болгон жагымдуу окуяларды НТС телеканалы тынымсыз чагылдырып келет. Сиздин сүйүктүү телеканал өтүп бараткан жылы материалдык-техникалык жана чыгармачылык өндүрүш жаатында жакшы көрсоткүчтөргө жетишти. 2017-жылы НТСтин жыштыгы Кыргызстандын 90 пайызын камтыды. Ал эми спорт сүйүүчүлөрү үчүн жаңы ачылган НТС спорт каналы санариптик телекөрсөтүүгө чыкты. 2018-жылы биздин көрармандарга дагы жаңы оюн-зоок, көңүл ачуучу теледолбоорлор сунушталат. Алардын ичинде НТСтин жеке өндүрүшүндөгү сериалды көгүлтүр экранга чыгаруу максаты бар. Акыркы убакта телеканалдын айланасында болуп жаткан терс окуяларга бут тосууларга карабай НТСтин эмгек жамааты алдыга койгон пландарын аткарууга болгон күчүн жумшайт.