2018-жылы Өзбекстан менен товар алмашуу 336,5 млн долларды түзгөн

839

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өткөн жылы Өзбекстан менен товар алмашуу 336,5 миллион долларды түзгөнүн билдирди. Буга чейин Кыргызстандагы өзбек элчиси бул көрсөткүч 481 миллион долларга жеткенин айткан.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 158,5 миллион долларды, импорт 178 миллион долларды түзгөн. Ал эми сальдо (ортодогу айырма) 19,5 миллион доллар болгон.

Өзбек элчиси Комил Рашидовдун айтымында, Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 132,6 миллион долларды, импорт 348,2 миллион долларды жана сальдо 215,4 миллион долларды түзгөн.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен товар алмашуу көлөмүн 500 миллион долларга жеткирүү ниетин билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.