2019: Кыргызстандагы урунттуу окуялар (видео)

2990

Өтүп бараткан жылдагы эсте калган иш-чараларга, өлкөдөгү саясий абалды өзгөрткөн окуяларга токтолсок. 2019-жылы спорт тармагындагы жетишкендиктер кыргызстандыктарга кубаныч тартуулады. Кыргызстандын тарыхында Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун алган алгачкы балбан болду. Башка дагы спортчуларыбыз алтын медалга жетишип, кыргыз элинин төбөсүн көккө жеткирди. Бул жылы Ак шумкарлар мыкты оюндарды көрсөтүп футболдун арты менен кыргыз эли ынтымагын көрсөтүп, биргеликте сүрөөнгө алышты.

Ушул жаңылыктар менен кошо, албетте саясат дагы кызып турду. Эгемен өлкөнүн тарыхында биринчи жолу мурдагы президентти кармоо операциясы жүргүзүлүп, камакка алынды. Эки экс-премьер-министрге карата соттун өкүмү угузулду. Ал эми Атамбаевдин бийлиги учурунда камакка алынып, соттолгон саясатчылардын айрымдары бошотулду. Бирок акталышкан жок. Өтүп бараткан жылга саресеп салып көрсөк, экинчи жарым жылдыкта резонанс жараткан окуялар көп болуптур. Өткөн күндөрдү эстеп, анализ жүргүзүп керектүү жерден сабак алып келечекке умтулуу ашыкча болбосо керек.