2019-жылы коомдук транспортко электрондук билет системасы киргизүү пландалууда

1143

Бишкекте электрондук билет ишке киргенден кийин бир жолу төлөнүүчү жол кире акысы кымбаттайт.

Мэриянын транспорт бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жусуповдун айтымында жакын арада тендер жарыяланат. 2019-жылдын экинчи кварталында коомдук транспортторго электрондук билет системасын киргизүү пландалууда. Бул үчүн 300 валидатор жана 600 миң смарт-карта сатылып алынат.

Электрондук билет жеңилдетилген, мектеп окуучулары үчүн жана жалпы колдонуу деп бир нече категорияга бөлүнөт. Смарт-карта аркылуу тариф өзгөрбөйт, ал эми акчаны айдоочуга накталай төлөсө, жол кире кымбатыраак болот.

Жаңы долбоор биринчи этапта троллейбус, автобустарга киргизилип, андан кийин кичи автобустарды камтыйт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.