2019-жылы күрөш боюнча дүйнө биринчилиги Астанада өтөт

1068

Күрөштүн түрлөрү боюнча 2019-жылкы дүйнө чемпионаты Астанада өтөт. Бул тууралуу Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнүн эл аралык федерациясынан (United World Wrestling) билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдештер 14-сентябрдан 22-сентябрга чейин Астанадагы спорттук комплексте өтөт.

«Астана биздин спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар үчүн мыкты иш-чара өткөрүп берээрине ишенем», — деп билдирди UWW президенти Ненад Лалович.

«Спорттук күрөш боюнча дүйнө биринчилиги ири окуя болуп эсептелет. Ал Казакстанда жана аймакта күрөштүн бул түрүнүн популярдуулугун арттырууга түрткү болот», — деди Казакстандын грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча федерациясынын президенти Сауат Мынбаев.

2019-жылкы дүйнө чемпионаты 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына тандан алуунун биринчи баскычы болуп эсептелет.