2020-жылдагы ажылык сапарга электрондук каттоо 30-декабрга чейин уланат

4223

2020-жылы боло турган ажылык сапарга электрондук каттоо башталды. Ал 30-декабрга чейин уланат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, каттоо ID-картанын негизинде болот.

Талапкерлерди ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт. Ошондой эле муфтият 2020-жылы ажылыкка бара турган адамдар башкармалык тарабынан жарыяланган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүсү тийиш экенин эске салууда. Эгерде андан кечигип калгандар болсо жарандар каттоого алынбайт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.