2022-жылы ар бир жаранда электрондук паспорт болот (видео)

3010

Ал аркылуу бардык мамлекеттик кызматтарды үйдөн чыкпай эле алууга шарт түзүлөт. Бул тууралуу «Мамлекеттик кызматтар» порталынын ачылыш аземинде айтылды. Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерди санариптештируу аракеттери жүрүп жатат.
Бул «Электрондук КАСА» долбоору аркылуу ишке ашырылууда. Ага 5 жылдык мөөнөт жана 50 миллион доллар каражат каралган. Долбоор пилоттук негизде ишке ашырылып, бүгүнкү күндө бир катар мамлекеттик мекемелер кызматтарды электрондук форматта көрсөтө баштаган.