2023-жылга чейин мугалимдердин маянасын 25-30-миң сомго көтөрүү пландалууда

1110

Мугалимдердин айлык акысы 30% көбөйтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдө өтүп жаткан Республикалык педагогикалык конференцияда сөз сүйлөп жатып билдирди.

Өкмөт башчы 5-6 категориядагы 120 миң адистин маянасы жогорулай турганын убадалады. Анын сөзүнө караганда, муну менен 12 миң сом алып жүргөн педагогдордун маянасы 18 миң сомго теңелет экен.

Мухаммедкалый Абылгазиев айлык 50 же 100% көтөрүүгө экономикалык абал жол бербей жатканын айтып, 2023-жылга чейин агартуучулардын айлык маянасын 25-30- миң сомго чейин көтөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.