2026-жылы дүйнөлүк футбол чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтөт

727

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Алардын биргелешкен өтүнүчү Москвада уюштурулган ФИФА конгрессинде 67 пайызга ээ болду.

Ири футбол мелдеши биринчи жолу дароо үч өлкөдө өтмөй болду. АКШ менен Мексика буга чейин футбол боюнча дүйнө чемпионатын өз-өзүнчө кабыл алган.

ФИФА оюнду 23 шаарда өткөрүүнү пландоодо. Мексикада Мехико, Гвадалахара жана Монтеррейде, Канадада Эдмонтон, Торонто жана Монреалда болот. Калган оюндар америкалык стадиондордо өтөт. 2026-жылдагы чемпионатты өткөрүү үчүн Марокко дагы арыз берген.