21 жылдан бери көрүстөндө жашаган үй-бүлө (видео)

819

Ош областынын Кызыл-Кыштак айылынын 39-жаштагы тургуну Гулжахан Атажанова 5 бала менен барар жагы жок болгондуктан, ушул кадамга барганын айтууда. Анын атасы убагында аталган айылдагы көрүстөндө жай казгыч болуп иштеп, анын бурчуна 2 бөлмөлүү там салып алыптыр. Ал эми 5 баланы багып жаткан келин, күйөөсү менен ажырашкандан кийин барар жагы жок, айласыз көрүстөндүн аймагындагы үйгө келгенин айтат. Ал аз келгенсип балдардын күбөлүгү, өзүнүн паспорту жок экен. Ал арада, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үйдү бошоткула деп жатышыптыр.