22 миң сом пара талап кылган соцфонддун кызматкери кармалды

629

Ал Сузак району боюнча соцфонддун башчысынын орун басары болуп иштейт. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы берген маалыматы боюнча жергиликтүү тургун кайрылып, пенсияга чыгыш үчүн андан акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул боюнча акча талап кылуу беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Сотко чейин өндүрүш иштеринин жүрүшүндө, Сузак району боюнча соцфонддун жетекчисинин орун басары буга чейин ушул эле адамдан документ жасап берем деп 13 миң сом алганы аныкталган.

Ал өзүнүн иш бөлмөсүндө 10 миң сом пара алып жатканда колго түшүрүлүп, кылмышка шектүү Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотто анын бөгөт чарасы каралат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.