23-октябрь — ак илбирсти коргоонун эл аралык күнү (видео)

1061

Бул датага карата Бишкек шаарындагы айрым окуу жайларынын студенттери флешмоб уюштурушту. Эскерте кетсек, ак илбирс жоголуп кетүү коркунучуна кабылган жаныбарлардын бири. Глобалдык экологиялык фонддун маалыматы боюнча, учурда дүйнөдө 3 миңден 7 миңге чейин гана ак илбирс калган.

Алардын 300дөйү Кыргызстанда. Бирок бул көрсөткүч да жылдан жылга азайууда, дешет экологдор. Анын себеби — илбирстин азыгы болгон жаныбарларды кыруу токтобой жатканында. Азыр Кыргызстанда мыйзам боюнча, илбирсти аткандарга 1,5 миллион сом айып салынып же 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.