23 жылдын кийин кулчулуктан бошонгон аял (видео)

749

Кулчулуктан кутулган кыргызстандык аял 23 жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келди. 28 жашында Казакстанга иштегени кеткен Зууракан Болтоева азыр 51 жашта. Ош областынын Кара-Кулжа районунун тургуну кошуна өлкөнүн тамеки талааларында, андан кийин жайлоодо мал баккан. Кожоюндары аны ур-токмокко алып, бир дагы жолу эмгек акысын төлөшкөн эмес.

Минтип көп жыл бою кордук көрүп келген мекендешибиз Зууракан Болтоеваны Улуттук «Кызыл ай» коому таап, Кыргызстанга алып келди. Ал жакындарынын колуна өткөрүлүп берилип, туугандары менен жолугушуу учурунда кулчулуктан кутулганына ишенбеген Зууракан Болтоева көзүнө жаш алды. Жыл башынан бери Улуттук «Кызыл ай» коому дайынсыз жоголуп кеткен 7 адамды жакындары менен табыштырган.