24 миңдей шайлоочунун аты-жөнү 2 тилкеден чыгууда (видео)

2104

24 миңге жакын шайлоочунун аты-жөнү 2 башка добуш берүү тилкелеринен чыгууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Ага ылайык, ал шайлоочулар даректерин 29-августтан кийин өзгөрткөндөр экен. Мындан улам алар бир гана пропорцианалдык система боюнча добуштарын бере алышат.

Өлкө боюнча 3 миллион 700 миңден ашык шайлоочу катталган. Ал арада мамлекет жетекчиси жакындап калган саясий өнөктүккө байланыштуу билдирүү таратып, анда добушун саткандар да, сатып алгандар да жазаланарын эскертти.