25 кабатка чейинки үйлөр газдаштырылат (видео)

2391

Асман тиреген имараттар — бизнести өркүндөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги курулуш иштеринин жаңы эрежесин жана ченемин иштеп чыгып, күчүнө киргенине бир ай болду.

Бул жаатта иш алып барган компаниялар муну көптөн бери күтүп жатышкан. Мындан ары 75 метрге чейинки 25 кабаттуу үйлөрдү жана бийиктиги 55 метрге чейинки 18 кабаттуу жатаканаларды, конок үйлөрдү жаратылыш газына кошсо болот.