25 мектеп карантинге жабылды (видео)

1939

Өлкөдө эпидкырдаалдын курчушуна байланыштуу жалпысынан 25 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Учурда «кызыл зонага» кирген Бишкек шаарында эле 13 мектеп онлайн окутууга өттү. Ошондой эле, бир нече муниципалдык жана менчик мектептердеги бир катар класстар таратылды. Ал окуучулар эки жума бою аралыктан билим алышат.

Калган мектептердеги окутуулар кадимки тартипте улантылууда. Эгерде коронавирус жуктуруп алган учурлар катталса гана, алгоритимдин негизинде онлайн окутууга жиберилет же вирус чыккан класстар гана жабылат. Ал арада айрым ата-энелер балдарды толугу менен 2 аптага карантинге жиберүү керектигин айтышууда.