25 жаштагы Ыйманбек элдин жардамына муктаж (видео)

845

«Көп түкүрсө көл болот». Бөйрөктүн өнөкөт оорусунан жабыркаган 25 жаштагы Ыйманбек Сарыбай уулу элдин жардамына муктаж болууда. Дарыгерлер анын бөйрөгүн эртерээк алмаштыруу керектигин айтышат. Трансплантацияга бери дегенде эле 35 миң долларга чейин каражат зарыл. Бирок мындай сумма Ыйманбектин жакындарында жок. Жумасына 3 жолу канын тазалаткандыктан, тапкан акчасы гемодиализге жана дары-дармектеринен артпайт, дейт жубайы. Мындан улам, жакшылыктан үмүтүн үзбөгөн Ыйманбек кайдыгер эмес адамдардан жардам сурап кайрылууда.