25 жыл аралыгында 250 тартип сакчысы кызмат учурунда курман болгон (видео)

944

1-ноябрь — кыргыз милициясынын түптөлгөн күнү. Бул датага карата майрамдык салтанаттар уюштурулду. Ички иштер министрлигинин алдыңкы кызматкерлерине сыйлыктар, наамдар тапшырылды. Учурда өлкө боюнча 10 миңден ашык милиционер эмгектенет. Кыргызстанда акыркы 25 жыл аралыгында 250 тартип сакчысы кылмышкерлерди кармоодо өз өмүрүн тобокелге салып, кызмат учурунда каза болгон. Бирок жеке кызыкчылыгын жогору коюп, ар кандай мыйзам бузууларга баргандары да жок эмес. Алардын жоруктарынан улам, тартип сактоо органдарына көп сындар айтылып келет. Мындан улам, ИИМди реформалоо демилгеленип, жакында эле 6 жаңы кызмат түзүлгөн. Бирок башкармалыктардын атын өзгөртүүдөн милицияга болгон ишенимди кайтаруу мүмкүнбү, деген суроо туулат.