25 жылдан берки дипломатиялык мамиленин жемиштери (видео)

1013

Кыргызстан менен Япония ортосундагы байланыш көптөгөн экономикалык жана маданий ийгиликтерди алып келди. Алаканын 25 жылдыгына карата бүгүн Кыргыз-орус славян университетинде жапон элинин маданияты, улуттук баалулуктары туурасында ачык лекция өткөрүлдү. Иш-чарага катышкан жаштар Күн чыгыш өлкөсүнүн жашоо-тиричилиги туурасында кеңири маалымат алышты. Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын алкагында жетишилген долбоорлор тууралуу да айтылды.