25 жылдык эмгек, 6 жылда чогултулган каражат текке кеттиби? (видео)

1034

25 жылдык эмгек, 6 жылда чогултулган каражат — текке кеттиби? Бишкекте төрт ай мурда орнотулган Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин алып салуу демилгеси көтөрүлдү. Буга атактуу актердун жакындарынын жана санаалаштарынын нааразычылыгы себеп болууда. Анткени айкел Сүймөнкул Чокморовго окшошпой калган. Ал эми аны жасаган скульптор менен кабыл алган тараптын жоопкерчилиги кандай болот — белгисиз. Учурда эстеликти тургузган Сүймөнкул Чокморов атындагы фонд мэриянын жообун күтүп жатат. Калаа бийлиги айкелди алууга уруксат берсе, анда жаңысы жасалышы мүмкүн. Көп жылдан бери пландалып, элдин каражаты сарпталып, бирок ойдогудай ишке ашпай калган долбоор.