26 миң айдоочуга айып пул жазылган каттар жөнөтүлдү (видео)

796

Мунун ичинен жол эрежесин бузган 5 000 адам — 7 миллион сом штраф төлөгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Айыпка жыгылгандардын көпчүлүгү жол чийиндеринен өтүп токтогондор.

Бирок акыркы убактарда ишеним кат боюнча нараазы болгондордун саны көбөйүүдө. Темир тулпарын ишеним кат боюнча башка адамга саткандардын интернет аркылуу унаанын азыркы ээсин издеп жатканын байкаса болот. Ушул убакка чейин 600дөн ашуун айдоочу айып пулду төлөөдөн баш тартып, мониторинг борборуна кайрылган.